Kyrgyz Books

Ислам Акыйкат Дин

Адамзат эч бир доордо жол башчысыз, таалим-тарбиясыз калган эмес. Бул жолдо жүз жыйырма төрт миң пайгамбар өз вазийпасын татыктуу аткарып кеткен. Эң соңунда, акыр замандын суроо талабына жооп берген Ислам дини жөнөтүлгөн. Ислам дини Азирети Мухаммеддин (соллоллаху алейхи васоллом) жыйырма үч жылдык Пайгамбарлык мөөнөтү ичинде этап-этабы менен толукталып олтуруп кемелине жеткен. Ошентип, Жараткан бизге Өзү убада кылган эң акыркы динди тартуулаган. Акылга салып калчай турган болсок, бүгүн биз үчүн Ислам дининен улук, Исламдан бийик турган эч бир нематжок.

Ислам дини жалпы пендезатка жиберилгендиктен, бүтүндөй жашоону кучагына алган дүйнө таанымы жана ак менен караны, пайда менен зыянды таасын ажыратып берген өзгөргүс жол-жоболор жыйнагы менен келген. Адам менен адамдын, адам менен табияттын, адам менен жан-жаныбардын ортосундагы карым-катнашты, алаканы алаканга салгандай айкын эрежелер менен аныктаган. Кыскасы жашоонун эч бир тарабын бош калтырган эмес.

Алла Таала баарыбызды Исламды жетик түшүнүп, аны менен жуурулуша жашоо аркылуу Алланын ыраазылыгын тапкан жана бул дүйнөдө көңүлү ток, ал эми акыретте түбөлүк бакытка жеткен пенделерден кылсын…

Оомийн!

READ- DOWNLOAD (PDF)